Кожогелди Култегин ТҮРКСОЙдун Алтын медалы менен сыйланды

Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси Анкара шаарында белгиленди.

Бул тууралу ТҮРКСОЙдун маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мааракелик салтанат түркиялык адабиятчы, профессор Нежие Ата Йылдыздын акындын чыгармачылык изденүүлөрүн изилдеген баяндамасы менен башталды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев окуп берди.

ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеинов өз сөзүндө Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин Кыргызстанга эле эмес, жалпы түрк дүйнөсүнө таандык адабият, китеп айдыңындагы иш-чаралардын өркүндөшүнө олуттуу салым кошуп келе жаткандыгын жана чыгармачылык таскагы ансайын артып бараткандыгын баса белгилөө менен, акынды ТҮРКСОЙдун Алтын медалы менен сыйлады.

Кожогелди Култегин — бул Алтын медалга татыктуу деп табылган Кыргызстан маданият ишмерлериндеги төртүнчү адам. Ошондой эле акындын 60 жаш мааракесинин урматына ТҮРКСОЙ тарабынан чыгарылган Түрк дүйнөсүнүн 7 тилиндеги – азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түрк, башкырт, саха (якут) тилдериндеги «Дүйнө алаканда» («Avuçtaki Dünya») аттуу китеби менен казак тилинде жарык көргөн «Жүрөк конуш» (Жүрек – коныс») ырлар жыйнагынын тасмалары кесилип, окурмандарга таратылды.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орунбасары Кайрат Иманалиев Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабековдун, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин куттуктоолору менен тааныштырып, кыргыз адабияты менен маданиятындагы Кожогелди Култегиндин бүгүнкү ордуна токтолду.

Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмароглу өз сөзүндө Кожогелди Култегин бүгүнкү күндөгү Түркия темасында эң көп ыр жазган чет өлкөлүк акын катары баалады. Алар басып чыгарган «Бурса чынары» («Bursa Çınarı») аттуу түрк тилиндеги акындын экинчи китебинде Түркия темасындагы ырларды өзүнчө бөлүм катары жайгаштырышкан.

Салтанат катышуучуларын айрыкча толкундаткан – Түркиянын Анкара шаарындагы Етумескут районунун башчысы Енвер Демирелдин белеги болду. Етумескут райондук өзүн-өзү башкаруусуКыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин кыргыз тилиндеги чыгармаларынын 5 томдугун Анкара шаарында чыгарган.

Бул адабият тарыхындагы өзүнчө тарыхый иш экендигин белгилөө менен Енвер Демирел атайын кооз кутуга салынган 5 томдукту Кыргыз Республикасынын Президентине жеткирүү жагын суранып Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиевге тапшырды.

Салтанатка ат арытып келип катышкан Кара-Кулжа мамалекеттик админстрациясынын башчысы, аким Примберди Дыйканов катышуучуларга акындын эли-журтунун атынан ысык салам айтып, быйылкы жылы Кара-Кулжа районунда Кожогелди Култегиндин ырларын көркөм окуу жана анын сөздөрүнө жазылган ырларды аткаруу боюнча райондук кароо-сынак өткөрүлөрүн маалымдап өттү.

Мааракелик салтанатты Кыргыз Республикасынын эмгек сиирген артисти, көрүнүктүү композитор-ырчы Исирадин Аманбаевдин, түрк ырчысы Юсуф Гүлдүн, кыргыз ырчысы Тилекгүл Абылованын аткаруусундагы ырлар айрыкча көрккө бөлөдү.

Өз сөзүндө Кожогелди Култегин:«Буга чейин 13 китептин автору элем. Сиздердин жардамыңыздар менен чексиз руханий байлыкка жетип олтурам – бир күндө китептеримдин саны 21ге толду. Кылымыбызга жарашып олтурат…» деп уюштуруучуларга жана колдоо көрсөткөндөргө чексиз ыраазычылык билдирди.

Сүрөттөрдө: Кожогелди Култегиндин кечесинен. ТҮРКСОЙ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты