Жээнбеков: «Саясий күчтөр, партиялар шайлоо босогосун 9% кылууга даяр эмес»

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Кыргызстанда партиялардын парламентке өтүүсүнүн босого чегин 9% кылууга саясий күчтөр даяр эместигин билдирди.

«Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген да пикирлер айтылууда. Тогуз пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент — партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок, буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. 7 пайыз — бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. 5 жана 3 пайызды айткандар, „жаштарга мүмкүнчүлүк берели“ деген элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Бирок, чынында, жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз. Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар терең талкуудан өткөрүп, жети өлчөп, бир кесет деп ойлойм» деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле, Президент бардык партияларга бирдей мамиле кылаарын кошумчалады.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу 5% болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында 7% болуп өзгөртүлгөн. 2017-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке барам деген партиялар бардык добуш берүү бекеттерине келген шайлоочулардын добушунун 9 пайыздан кем эмесин алууга тийиш.

Шайлоо босогосун 7% түшүрчү мыйзам долбоору жакында коомдук талкууга коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты