Сабиров: «Кумтөрдө» эки жолу авария болуп, үч киши каза тапты. Авариянын себептери аныктала элек»

  • 4 года мурун

Бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Максат Сабиров «Кумтөрдө» авария болуп жана кишилердин өлүмүнө алып келип, анын жыйынтыгы болбой жатканын билдирди.

Кыска мезгил аралыгында «Кумтөр» алтын кенинде эки жолу авария болуп, үч адам өлдү. Авария жана адамдардын өлүмүнүн негизги себептери азыркыга чейин так аныктала элек. Жергиликтүү тургундар өтө нааразы. Ошондуктан, депутаттык комиссия түзүп, адам өлүмүнө алып келген кырсыктардын себептерин аныктап, анын жыйынтыгы менен кандайдыр бир чараларды көрүү керек.

«Депутаттар буга чейин «Кумтөр» алтын кени боюнча бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөргөнүнө карабастан, тийиштүү органдар тарабынан жетиштүү чаралар көрүлбөй келет. Ошонун айынан дагы үч адам өлдү. Бул жолу парламент дагы, өкмөт дагы унчуккан жок. Өкмөттүн комиссия түзүлдү дегени менен, ушул кезге чейин анын жыйынтыгы жок, авариянын себептери аныктала элек. Ошондуктан, бул маселени ошол бойдон калтырганга болбойт», — деди депутат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты