​Толук метраждуу фильмдин сценарийине сынак жарыяланды

  • 4 года мурун

Мекенчилдик жана мекенди сүйүү, үйбүлөлүк салттарды сактоо жана бекемдөө, жаштар жана келечек муунду тарбиялоо, балдарды колдоо, айлана чөйрөнү жана экологияны коргоо, туулган жерге аяр мамиле кылуу темалары боюнча “Толук метраждуу көркөм фильмдин мыкты сценарийине пилоттук сынак жарыяланат.

Буцл тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Сынакты өткөрүү жана сценарийди кабыл алуу мөөнөтү:

Конкурс аны өткөрүү боюнча жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына же интернет ресурстарына расмий жарыяланган күндөн баштап: 2020-жылдын 19 — февралынан 20-мартына чейин өткөрүлөт. Сценарий 2020-жылдын 20-мартынын 17.00 саатына чейин кабыл алынат.

Пилоттук кино долбоор фильмди өндүрүүгө сарпталган каражаттарды прокаттан кайтарып берүүгө, долбоорду каржылоого менчик финансы булактарды, чет элдик инвесторлорду тартууга багытталган.

Сынакка катышуу тартиби:
“Мыкты сценарий” сынагына Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй киносценаристтер, кино ишмерлер, жазуучулар, журналисттер катыша алышат.

Конкурстун катышуучусу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын көркөм кеңешинин кароосуна өз сунушун коштомо каты менен конвертте чапталган түрдө берет.

Конверттин бетинде катышуучунун аты жөнү, фамилиясы, атасынын аты, электрондук почтасы, телефону жана “Сынакка” деп жазылыш керек.
Конкурстук сунушта сценарийден тышкары кинодолбоорго, фильмдин өндүрүшүнө катыша турган шериктер, алардын финансылык салымы тууралу маалымат болуш керек.
Сынакка сунушталган сценарийге коюлуучу техникалык талаптар:
— 5 нускадан турган киноценарийдин тексти, анын электрондук версиясы;
— тексттин тили – мамлекеттик жана расмий;
— тексттин форматы — Microsoft Word “doc”;
— сценарийдин көлөмү – 100 бет (хронометражы 90 мүнөткө чейин);
— шрифти — 12 Times New Roman;
— тексттин жайгашы: жогору жагы -2,5 см, төмөнкү жагы -1,2 см, сол жагы -3,7 см, оң жагы- 2,5 см.

Сынактын жалпы талабы:
Башка жолдор менен жиберилген сунуштар каралбайт. Жиберилген сунуштар рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

Байланыш:Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы, Бишкек ш, Д. Асанова көчөсү, 1. Тел.: 344569, 344626. Факс: 344631. Конверттин сыртында Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы, “Сынакка” деп жазылыш керек.
Электрондук дарек: [email protected]

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты