Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап кеткени айтылууда

  • 4 года мурун

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кан басымы түшүп кеткендигин анын адвокаты Замир Жоошев, уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер айтып чыгышты.

Адвокат Жоошев:

— Ооба, Атамбаевдин абалы бир калыпта. Кан басымы туруктуу 83/ 60. Врачтар бул абалды оор дебейби? Албетте, врачтар бул абал оор деп айтат. Көз карандысыз врачтарды чакыртып келип, кан басымын ченешсин,- деп билдирди.

Ал эми уулдары адвокаттардын айтканына таянып, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин кан басымы 76/60 болуп, инсульт же инфаркт абалына жакындап калгандыгын кабарлаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ЖМКга Алмазбек Атамбаевдин абалы бир калыпта экенин билдирген.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган. Анда бир офицер каза болуп, 100 дөн ашык киши жаракат алган.Азыр мурдагы президент УКМК абагында отурат.

Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты