Мектепке электрондук каттоо алты шаарда иштей баштады

  • 4 года мурун

Мектепке электрондук каттоо системасы 15-февралдан тартып алты шаарында иштей баштады: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Электрондук каттоо 15-августка чейин уланат.

Министрлик «Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелер үчүн да ыңгайлуу» деп эсептейт.

Жаңы окуу жылында жогорудагы алты шаарда 32 миң бала мектепке барары пландалууда.

Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты