​Бишкек мэриясы 350 автобус сатып алуу үчүн насыя алышы мүмкүн

  • 4 года мурун

Азия өнүктүрүү банкы жыл аягына чейин Бишкек мэриясына 50 миллион доллар насыя бериши мүмкүн.

Бул тууралуу банктын өкүлү шаар жетекчилери менен жолукканда билдирди.

Шаар бийлиги бул каражатка электр энергиясы менен жүргөн 350 автобус сатып алууну пландап жатат.

Маалыматка караганда, автобус сатып алуу тууралуу долбоорду каржы министрлиги жактырды.

2019-жылы мэрия Кытайдын Yutong компаниясынан газ менен жүргөн 60 автобус сатып алган. Алардын ар бири үчүн 72 миң доллардан төлөнгөн.

Жалпысынан Бишкекте күн сайын 250гө жакын автобус жана троллейбус, ошондой эле 2 миңден ашык кичи автобус каттамдарга чыгат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты