​Блогер Элмир Сыдыман эки айга камалды

  • 4 года мурун

Аймактар аралык кастыкты козутту деген шек менен 48 саатка камалган Элмир Сыдыман Бишкектеги №1 убактылуу абак жайына эки айга камалды.

Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарганын Октябрь ИИБи ЖМКга маалымдады.

Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматы тараткан маалыматта этникалык, расалык, улуттук, диний жана регион аралык кастыкты козутуу беренесине байланыштуу шек менен 23 жаштагы Э. С. (Элмир Сыдыман -ред.) камалганы айтылган.

Сүрөт: Октябрь ИИБ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты