Кыргызстан Кытайга жөнөткөн гумжардам жети тонна болду

  • 4 года мурун

Коронавирустун жайылышына каршы аракеттерди колдоо иретинде Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Жалпысынан жети тоннанын тегерегиндеги жүк «Торугарт» көзөмөлөткөрмө бекетине жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалды (антисептикалык жана зыянсыздандыруучу, жеке коргоочу медициналык каражаттар).

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирусту жугузгандардын саны 72 миң кишиге жетти. Вирустан 1868 адам каза болду. Андан тышкары вирусту жугузуп алган 12 миңден ашык киши айыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты