​Мектеп жашына чейинки мекеме башчысы жарым миллион сомду ыйгарып алган

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун мектеп жашына чейинки балдарга билим берүү борбору жарым миллион сомду ыйгарып алган.

Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.

Биринчи май районунун прокуратурасы №5 жашына чейинки балдарга билим берүү борборунун директору М.Д. ата-энелерден 2017-2019-жылдары чогултулган 396,7 миң сомду ыйгарып алгандыгын аныктаган.

Ошондой эле кызматкер, директордун бир тууганы М.Г.га 156,4 миң айлык акы мыйзамсыз төлөгөн. Бирок ал кызматкер деп кагаз жүзундө гана жазылган, жумушта иштеген эмес.

23 бала электрондук кезексиз кабыл алынган.

Борбордун директору 2017-2019-жылдар аралыгында 553,1 миң сомду ыйгарып алгандыгы аныкталды. Бул иштер кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты