​Россия ЖОЖдорунда акысыз билим алуу сынагы 2-мартка чейин уланат

  • 4 года мурун

Россия өкмөтү 2020-2021-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандары үчүн бөлгөн гранттык орундарга документтерди кабыл алууну улантып жатат.

Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирмелерди кабыл алууну Кыргызстандагы Россия кызматташтык агенттиги EDU.RS.GOV.RU (https://future-in-russia.com/) порталында 2-мартка чейин жүргүзөт.

Квота боюнча окууга тандоо эки этапта жүргүзүлөт:

• Биринчи этапты Кыргызстандагы Россия кызматташтык агенттиги

өткөрөт;

• экинчи этапты РФ билим берүү министрлиги жогорку окуу

жайлары менен чогуу өткөрөт.

Тандоо сынактарына катышуу үчүн эмне керек?

1. EDU.RS.GOV.RU (https://future-in-russia.com/) порталында катталуу.

2. Жеке (паспорттук) маалыматтарды системанын талабы боюнча туура толтуруу.

3. http://russia-edu.ru/ порталына ылайык, даярдоо багытын, адистикти, жогорку окуу жайлардын тизмесин тандоо. (“Жеке маалымат” жана “Билдирме” бөлүмдөрүн толтуруу боюнча кеңештерди 1-тиркемеден караңыз).

4. Керектүү документтердин скан-көчүрмөсүн тапшыруу (документтерге талаптарды 2-тиркемеден көрүңүз).

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы: Тел. +996 (312) 62 35 91 Email: [email protected] [email protected] / Facebook.com/moes

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты