Бишкекте төрөтканадагы кош бойлуу Ухандан эмес, Шеньяндан келген

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы №4 төрөтканага жаткырылган кош бойлуу студент Кытайдын коронавирус тараган Хубей провинциясынын Ухань шаарынан эмес, Ляонин провинциясынын Шеньян шаарынан келгендигин билдирди. Ал Ухань шаарында болгон эмес.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кытай ЖОЖдорунун биринде окуган 24 жаштагы студент 16-февралда Бишкекке Москва рейси аркылуу келген. Талапка ылайык, ал республикалык инфекциялык ооруканага жиберилген.

Тиешелүү текшерүү ал коронавирус жугузбаганын аныктады. Көз жаруу маалы жакындап калган кош бойлуу студентти Бишкекке төрөтканага жаткыруу чечими кабыл алынган.

Учурда атайын изолятордо жатат. Ал Шеньян-Үрүмчү-Пекин-Москва-Бишкек шаарларынан өтүп, 14-февралдан 16-февралга чейин жол жүргөндүктөн, узак сапар да ден соолугуна таасир тийгизиши мүмкүн.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты