Ошто бир үйгө 1300 жаран каттоого турган

  • 4 года мурун

Ош шаарында бир үйгө 1300 жаран катталганын мамкаттоо кызматы маалымдаганын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Ачык шайлоо kg» аттуу фейсбук баракчасында билдирди.

Буга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоолор боло турган аймактарда жарандарды жапырт түрдө каттоо жүрүп жаткандыгы маалымдалып, парламентте каралган.

Баш прокуратура Ошто жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго жакын жарандарды жапырт каттоого алуу көрүнүштөрү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты