​Профессор Мира Ботбаева менен коштошуу

  • 4 года мурун

Профессор Мира Ботбаева 93 жашында дүйнөдөн өттү. Акыркы сапарга өзү иштеген Арабаев атындагы университетте бүгүн, 17-февралда, узатылды.

Бул тууралуу аталган университеттен маалымдашты.

Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери Мира Ботбаева 15-февралда каза тапкан.
Мира Махмутовна 1927-жылы 18-октябрда Кыргыз ССРинин Жалал-Абад областына караштуу Токтогул районунун Музтөр айылында төрөлгөн.
1956-жылы ал Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана топурак таануу факультетин аяктап, биология-химия мугалими адистигине ээ болгон.

Ал Чаткал, Ат-Ойнок тоо кыркаларынын, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн флорасы жана өсүмдүктүүлүгү боюнча бир нече изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча илимий макалаларды, монографияларды чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты