​Жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер көрсөтүлүүдө

  • 4 года мурун

12-апрелге дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарына талапкерлерди көрсөтүү жүрүүдө.

Бул тууралуу БШК маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 21 жашка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда (2020-жылдын 13-мартына чейин), айылдык кеңештерге – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн калганда (2020-жылдын 23-мартына чейин) аяктайт.

2020-жылдын 12-апрелине дайындалган шайлоо 30 жергиликтүү кеңеште өтөт.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун календары менен БШКнын сайтынан же шилтемеге өтүп, кеңири таанышууга болот.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор 12-апрелге белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты