Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда ичимдик мыйзамсыз сатылган

  • 4 года мурун

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында алкоголдук продукцияны ишкердикке тийиштүү лицензиясы жок сатуу фактысы аныкталды.

Аны салык кызматынын кызматкерлери экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен бирге рейд учурунда аныктаган.

Жалал-Абад шаарындагы дүкөндөрдүн биринде ар кандай түрдөгү 800 бөтөлкө спирт ичимдиги, ал эми Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 101 бөтөлкө табылды.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы да кошумчаланды.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты