Жарандарды жапырт каттоо: Ошто кылмыш иши козголду

  • 4 года мурун

Баш прокуратура Ошто жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго жакын жарандарды жапырт каттоого алуу көрүнүштөрү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Ош шаарында ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 39-192-беренеси боюнча кылмыш ишин козголгондугун баш прокуратура басма сөз кызматы билдирди.

Анда сотко чейинки иш жүрүп жатканы маалымдалды.

Буга чейин ЖМКда студенттерди, жалпы эле жарандарды жапырт каттоого алуу көрүнүштөрү орун алып жатканы тууралуу айтылып келүүдө. Бул маселе тууралуу 13-февралдагы парламент жыйынында да сөз болду.

Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батыркановдун айтымында, жыл башынан бери Ош шаарында — 33 805 жаран каттоодон өткөн.

Мындай көрүнүштөр жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө турган аймактарда катталууда.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты