Цукерберг: “Фейсбук” күнүгө миллион фейк аккаунтту өчүрүүдө

  • 4 года мурун

«Биз күнүгө миллиондон ашуун жалган аккаунттарды өчүрүп жатабыз. Көбү катталган соң бир нече мүнөттөн кийин эле билинет. Алардын негизги бөлүгү шайлоолорго таасир этүүгө аракет жасаган мамлекеттик субъектилер менен байланышта эмес. Алар түрдүү иш жасоону көздөгөн спамерлер жана кишилер. Бирок, албетте, айрымдары – өкмөттүк кампаниялардын бир бөлүгү»,
– деди ал Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференцияда.

Анын айтымында, «Фейсбук» 2016-жылы АКШда өткөн шайлоолордогу жаңжалдан кийин колдонуучулардын активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү саясатын жана алгоритмин өзгөрткөн.

Анда Орусия шайлоо кампаниясына кийлигишүүгө, бул иште “Фейсбукту” да колдонууга айыпталган. Мындан соң Цукерберг Конгрессте көрсөтмө берген.

Цукерберг буга чейин билдиргендей, 2016-жылдан тартып «Фейсбук» жарнама саясатын да өзгөрткөн.

Саясий жарнама берүүнү каалаган ар бир колдонуучу уруксат алып, жеке маалыматтарын жана жашаган жерин тастыкташы керек. Жарнама лентада так белгиленип, колдонуучулар ал үчүн ким акча төлөгөнүн көрө алышат.

Сүрөт: Andrew Hamlik (AP).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты