​Алимбаев: «Баткен эч качан тажиктердин жери болгон эмес»

  • 4 года мурун

«Баткен эч качан тажиктердин жери болгон эмес, болбойт дагы. Бул жерде байыртадан кыргыз эли жашап келген», — деп билдирди мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, башкы штабдын жетекчиси Абдикарим Алимбаев.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Алимбаев мындай билдирүүнү Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө жооп катары билдирди.

— Ал кишинин мындай сөзү — тарыхты билбегендик. Облустук мекеменин башчысы болуп туруп минтип сүйлөбөшү керек. Чек араны өкмөттөр чечет. Эки мамлекеттин президенттеринин жүргүзүп жаткан ишине каршы сүйлөдү. Эки өлкөнүн кызматташтыгына анын айткандары дал келген жок. Андай болсо, Баткен аймагында жайгашкан Ворух анклавында, Чорху деген жерде биздин ата-бабаларыбыз да жашаган. Мургаб, Жергетал деген жерлерди да биздин ата-бабалар байырлаган. Андай болсо, ошол жерлер да суроо жаратып калат, — деди Алимбаев.

13-февралда Тажикстандын айрым маалымат каражаттарында жана Интернетте Навжувоновдун “ “Эгер тарыхты карап көрсөк, мурда Баткен эч убакта кыргыздын жери болгон эмес” билдирүүсү тараган.

14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакыртылган. Кыргыз тарап Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө кескин тынчсыздануусун билдирген.

Расмий Дүйшөмбүдөн азырынча комментарий боло элек.

Кыргыз-тажик чек арасы толук чечилип бүтпөгөндүктөн, соңку жылдары тез-тез жаңжал чыгып, адам өмүрү кыйылган учурлар болууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты