Иликтөөдөн кийин: “Жантай” мал базарында экинчи септик курулду. Стандартка ылайык жаңы базар салынат

Буга чейин «ПолитКлиника» медиасынын журналисттери Cabar.asia менен бирге “Кан аралаш аккан суу” же “Жантай” мал базарында санитардык нормалар сакталбайбы? деген теманын алкагында журналисттик иликтөө жүргүзгөн.

Иликтөөнүн алкагында “Жантай” мал базарынын мал союлуучу жайынан чыккан жаан-чачындын суусу агып чыга турган трубадан кан аралаш аккан суу чыгып, Ала-Арча суусуна куюп жатканына журналисттер күбө болуп, муну видео-тасмага түшүрүп алышкан.

Тиешелүү органдар “Жантай” мал базары 2015-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан кабыл алынган №377 “Жаныбарлардын дартын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомунун айрым этаптарына жооп бербестигин баса белгилеп, ырас эле мал союлуучу жайдан чыккан малдын каны Ала-Арча суусуна кошула турган болсо тиешелүү чара көрүшөөрүн баса белгилешкен.

Журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгы кандай болду? Тиешелүү органдар чара көрдүбү же бул фактыга көз жумуп коюштубу?

Бул маселе боюнча ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аламүдүн районунун башкармалыгынын жетекчиси Чыңгыз Шейшенбаев жогорудагыдай факты тууралуу буга чейин маалыматы бар экендигин баса белгилеп, бир ай мурда мал союлуучу жайга экинчи септикти койдурушканын айтты.

Биздин иликтөөбүз жарык көргөндөн кийин “Жантай” базарынын жетекчиси Жантай Исабек уулу базардын мал союлуучу жайын, сарайларын толугу менен бузуп, Ала-Арча суусунун жанына эмес, тескерисинче, базардын оң жак бетине кайрадан заманбап мал союлуучу жай сала тургандыгын билдирди.

“Азыркы мал союлуучу жайдын орду короолору менен кошо алынат. Кар эрип, тоң кеткенден кийин Бажы биримдигинин стандарттарына тууралап, заманбап мал союлуучу жай салабыз” деди ал.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аламүдүн районунун башкармалыгынын жетекчиси Чыңгыз Шейшенбаев биздин иликтөөдөн кийин базар текшерүүгө алынганын, чындыгында эле кан-жин суулар Ала-Арча суусуна агып атканы далилденгенин айтат:

— Силер менен байланышкандан кийин, биз кайрадан базарды текшерүүгө алганбыз. Анын натыйжасында септикти бир аптада бир жолу тазалап кетүүчү машиналар менен келишим түздүргөнбүз. Ооба, ага чейин чын эле мал союлуучу жайдан чыккан калдыктар септикке батпай сыртка чыгып калган күндөр болгон. Биз аны далилдеп, экинчи септикти салдырдык. Алар бизден: “Заманбап мал союлуучу жай салсакпы” деп сурашкан. Биз “2015-жылы чыккан жаңы токтомдун негизинде шаардын чет жакасынан курулушка уруксат берилген жер болсо, биз ошонун негизинде макулдук беребиз. Анан салсаңар болот” дегенбиз.

Учурда биз менен макулдашып атышат [жаңы базар куруу боюнча]. Бирок, эч кандай документ бере элекпиз. Биз токтомдун негизинде заманбап мал союлуучу жай кандай болуш керек экендигин түшүндүрүп бердик. Азыр алар жер караштырып атышат. Булар жаңы, заманбап мал союлуучу жай салышса бир гана Кыргызстандын ичинде эмес, биз түзгөн келишимдин негизинде Кытай, Араб Эмираттарына чыкса болот. Башкача айтканда, Бажы биримдигинин техникалык талаптарына жооп бере тургандай мал союлуучу жай -бойня салган атышат. Бул абдан жакшы болуп атат. Эгерде булар жакшы кылып салышса, мүмкүнчүлүктөрү да ошончолук жогору болот.

Биздин журналисттик иликтөөбүздөн кийин тиешелүү чаралар көрүлүп, “Жантай” мал базарында экинчи септик курулду. Базардын мал союлуучу жайы алынып салынып, заманбап мал союлуучу жай- бойня салына тургандыгы маалым болду.

Кымбат Турдубекова, «ПолитКлиника».

Журналисттик иликтөө менен кененирээк таанышыңыз (бул жакты басып).

Сүрөттөр: Иликтөөдөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты