​Сыргак Кенжебаев 20-апрелге чейин камакта болот

  • 4 года мурун

«Үмүт -2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин камактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды.

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 13-февралда чыгарды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, М. М. аттуу кытай жараны Сыргак Кенжебаевге алдамчылык боюнча чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Кытай жараны арызында Кенжебаев аны ири суммага, жалпысынан 350 миң долларга алдаганын билдирген.

Сыргак Кенжебаев 20-декабрда кармалып, УКМК убактылуу абак жайына камалган.

«Umut-2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова 19-декабрда Алматы аэропортунан Сыргак Кенжебаевди белгисиз бирөөлөр белгисиз жакка алып кеткенин жазып чыккан.

Андан кийин Айтматова күйөөсүн Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кармаганын билдирген.

Сүрөттө: Сыргак Кенжебаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты