​Кытайдан келген кыргызстандык 40 студент карантин жайына киргизилди

  • 4 года мурун

Кытайдан 40 кыргызстандык студент «Бээжин-Алматы» рейси менен кайтып келди.

Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык студентер Үрүмчүдө болуп, чек ара жабык болгондугуна байланыштуу келе албай жатышкан.

Вице-премьер Алтынай Өмурбекова коронавирустун алдын-алдын боюнча штабдын жыйынында Кытайдан 40 студент келгенин белгиледи. Анын айтымында, студенттер Бишкек шаарынын алдында карантин жайына киргизилди. Алардын ден соолугу канаттандырарлык экенин медицина кызматкерлери тастыктаган.

Карантин учурунда студенттер менен медициналык кызматкерлер гана байланышып турат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдагы коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Сүрөт: Чек ара кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты