​Кытай бийлиги коронавирус жуктургандар кескин көбөйгөнүн билдирди

  • 4 года мурун

Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын саны бейшембиде кечээкиге салыштырганда он эсеге көбөйүп, 15 учур катталды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Набыт болгондордун саны эки эсеге көп 242 киши.

Шаршембиде бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышы басаңдаганын билдирген.

Кытайдын саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы статистиканын кескин көбөйүшүн дартты аныктоонун жаңы ыкмасы менен түшүндүрдү. Мындан ары диагноз башка иликтөөлөрдү күтпөстөн, компьютердик томография менен аныкталат. Бул ооруну жаңы башталганда эле дарылоого жол ачат.

Учурда Кытайда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 60 миң кишини түзүп, алардын ичинен 1300дөйү көз жумду, 6 миңдей адам айыкты.

Кечээ Лондондо да коронавирус жуктурган учур аныкталган. Бейтап бир нече күн мурун Кытайга барып келгени белгилүү болгон. Ушуну менен Британияда тогуз киши илдетке чалдыккан. Коронавирус дүйнөнүн 50 өлкөсүндө жайылды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус эпидемия качан токтой турганын айтуу эрте экенин маалымдаган. Учурда окумуштуулар түрдүү төрт вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.

Коронавируска байланыштуу бир нече иш чаралар токтотулду. Эл аралык автомобиль федерациясы «Формула-1» сынагын кийин өткөрүү чечимин кабыл алды. Барселонада Mobile World Congress көргөзмөсүнүн уюштуруучулары да иш-чараны өткөрүүнү токтотту.

13-февралда Сингапурда DBS банкында иштеген кишиден коронавирус табылгандан кийин 300дөй кызматкер карантинге алынган.

Кытайда коронавирус чыкканына байланыштуу Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтотту.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: EPA-EFE.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты