​Депутат Нурбаев: «Бир киши үйүнө 400-500 жаранды каттоого коюп жатыптыр»

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жалпы жыйынында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор боло турган шаарларда жапырт каттоого тургандар жөнүндө маалымат угууда депутат Абдувахап Нурбаев каттоо кызматынын айрым кызматкерлери үйүнө 400-500 жаранды каттоого алып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди.

— Бир киши үйүнө 400-500 жаранды каттап жатыптыр. Каттоого тургузгандар мамлекеттик каттоонун айрым кызматкерлери экен, -деди ал.

Депутат бир киши канча жаранды каттоого тургуза аларын сурады.

Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов бир киши өзү кааласа, үйүнө канча жаранды каттоого тургузса, 1000 ди тургузса да боло берээрин билдирди.

Жогорку Кенеште жакында шайлоо өтө турган шаарларда жарандар жапырт айылдардан шаарларга катталып жаткандыгы тууралуу маселе каралууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты