Шайлдабекова: “Ооба, шайлоочулар санын тактоо мыйзамы бузулду”

Шайлоого 60 күн калганда шайлоочулардын саны боюнча маалымат, БШК сайтына илиниш керек болчу. 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүгө 60 күндөн аз убакыт калды. Бирок тизме илинген жок. Мыйзам нормасы бузулду.

Бул маселени Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзам бузулганын моюнга алып, кечигүүнү каттоо кызматынын тактоо иштерине шылтады.

Депутат Бокоев муну жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында жарандарды башка «шаарларга каттоого тургузуу атайын жасалып жаткан схема» деп атады.

Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батыркановдун маалыматы боюнча 2020-жылдын 1-январынан 12-февралга чейин:

Каракол шаарына — 2798 жаран; Балыкчы шаарына – 489; Майлы-Суу шаарына — 207 жаран;

Токмок шаарына – 6950; Ош шаарына — 33 805 жаран каттоого алынган.

БШК төрайымы Шайлдабекованын маалыматы боюнча, Токмокто 34 496 шайлоочу бар. Ош шаарында 1-январга карата 14 0503 шайлоочу бар.

Жогорку Кенеште жакында шайлоо өтө турган шаарларда жарандар жапырт айылдардан шаарларга катталып жаткандыгы тууралуу маселе каралууда.

Кийинки мезгилде жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жарыялангандан бери айылдардан шаарларга жапырт каттоого туруп жаткандар тууралуу маалыматтар ЖМКда байма-бай жарыялана баштады.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты