Батырканов: Жыл башынан бери Ош шаарында 33 805 жаран жаңы каттоодон өткөн

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш жыйынында каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов жыл башынан бери жаңы каттоого алынган жарандардын саны боюнча маалымат берди.

Анын айтымында:

2020-жылдын 1-январынан 12-февралга чейин:

Каракол шаарына — 2798 жаран;

Балыкчы шаарына – 489;

Майлы-Суу шаарына — 207 жаран;

Токмок шаарына – 6950;

Ош шаарына — 33 805 жаран каттоодон өткөн.

Жогорку Кеңеште жакында шайлоо өтө турган шаарларда жарандар жапырт айылдардан шаарларга катталып жаткандыгы тууралуу маселе каралууда.

Кийинки мезгилде жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жарыялангандан бери айылдардан шаарларга жапырт каттоого туруп жаткандар тууралуу маалыматтар ЖМКда байма-бай жарыялана баштады.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты