Шайлдабекова: “Шайлоо өтө турган шаарларда каттоого тургандар маселесине анализ керек”

  • 4 года мурун

Жогорку Кенеште жакында шайлоо өтө турган шаарларда жарандар жапырт айылдардан шаарларга катталып жаткандыгы тууралуу маселе каралууда.

Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түшүндүрмө берди.

— Шайлоочулардын тизмеси калктын мамлекеттик бирдиктүү реестринин негизинде түзүлөт.

ЖМКда жакында шайлоо боло турган шаарларда кандайдыр аномалдуу түрдө каттоого турган жарандардын көбөйүшү боюнча маалымат тараган.

Кечээ жумушчу кеңешме өткөрүп, мамлекеттик каттоо, укук коргоо органдарынын, баш прокуратура ж.б. өкүлдөрү катышып, талкууланды.

Беш шаарда — Ош, Токмок, Балыкчы, Майлы-Суу, Каракол шаарларында каттоого туруп жаткандар тууралуу маалыматтарды алуу, алардын канчасы 18ге толгон, кайсы жарандар документтерин тактап жатат, бир адреске бир нече жарандардын катталышы боюнча анализ жүргүзүлүшү керек.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо 300 миңден ашык жаран толукталды. Биометрикалык паспорт берилүүдө. Бул да негизги себептер болду.

Жалпы калкты каттоо өтөт. Ошого байланыштуу өкмөт чоң жумуш жасаган. Ушул чоң жумуштардын натыйжасында да өзгөрүүлөр болуп жатат.

Потенциалдуу мыйзам бузуулар болсо, изилдеп, анда тийиштүү чараларды көрүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу милдети коюлган, -деп билдирди Шайлдабекова.

Кийинки мезгилде жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жарыялангандан бери айылдардан шаарларга жапырт каттоого туруп жаткандар тууралуу маалыматтар ЖМКда байма-бай жарыялана баштады.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты