Алымжан Козубаев “Унаа” ишканасынын башчылыгынан бошотулду

  • 4 года мурун

Алымжан Козубаев “Унаа” ишканасынын башчылыгынан бошотулду.

Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн маалыматтык кызматы тастыктады.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинде аталган ишканадагы кемчиликтер белгиленип, жетекчини кызматтан бошотуу сунушталган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мекеменин жетекчилиги арыздарды жана автоунааларды каттоонун, кайра каттоо үчүн тийиштүү документтердин онлайн берүү механизми киргизилген эмес, айдоочулук укуктан ажырагандар жөнүндө документтердин автоматташтырылган маалымат базасына өзгөртүүлөр киргизилген эмес ж.б. кемчиликтерди белгилеген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты