Тулендыбаев: «Өткөн жылы 46 бала жанын кыйды. Өкмөт чара көрүшү зарыл»

  • 4 года мурун

Депутат Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында жаш балдардын өз жанын кыйып жаткан көрүнүштөрүнө өкмөт чара көрүшү керектигин айтып чыкты.

-Ушул жылдын 11-февралында Сокулук районундагы мектептердин биринде окуучунун өз жанын кыйышына байланыштуу өтө кайгылуу окуя катталды.

Тилекке каршы, жаш балдардын мындай өлүмү жылдан-жылга көбөйүп барат. Мисалы, өткөн жылы 46 бала, анын ичинде 26 кыз, 20 эркек бала өз жанын кыйганы, алардын басымдуу бөлүгү толук эмес же ата-энеси чет өлкөлөрдө жүргөн бүлөлөрдө болуп жатканы белгилүү болду.

«Өкмөт бул багытта жалпы коомчулук, атайын адистер менен бирге мамлекеттик деңгээлдеги комплекстүү чараларды көрүшү зарыл. Жаман адат жугуштуу дейт, анысы кандай, мындай жоболоңдуу жосундардан кутула албайбыз, абал мындан дагы оорлошуп кетиши ыктымал» деп кошумчалады ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты