​Парламент шайлоого карата айылдан шаарга жапырт каттоого туруп жаткандар маселесин карайт

  • 4 года мурун

Депутаттар Кенжебек Бокоев жана Жанар Акаев бүгүн, 13-февралда, жергиликтүү шайлоолорго карата айылдардан шаарларга жапырт каттоого тура баштагандардын маселесин көтөрдү.

— Муну күн тартибине киргизсек, БШК, каттоо кызматын, тиешелүү органдар өкүлдөрүн чакырып, айылдардан он миңдеп каттоого туруп жаткандардын маселесин кароо керек, -деди депутат Бокоев.

Бул ойду депутат Жанар Акаев да улап кетти.

— Бул маселени сөзсүз карашыбыз керек. Кечээ мен Оштон келдим. Ош шаарында 40 миңден ашык кишини каттоого койду. Бул — шайлоо эмес. Шаардыктарды өзүнүн депутаттарын, мэрин тандап алуу укугунан ажыратып салдык. Мен шаар бийлигине, күч органдарына дооматым жок. Бирок муну жасап жаткандар — партиялар, саясий лидерлер,- деди Жанар Акаев.

«Сунушум — акыркы алты айда каттоого тургандар добуш бере албагандай мыйзамды кабыл алып, колдон келсе шайлоонун мөөнөтүн дагы эки айга жылдырышыбыз керек» деди депутат Акаев.

Бул маселени парламент бүгүн карай турган болду.

Кийинки мезгилде жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жарыялангандан бери айылдардан шаарларга жапырт каттоого туруп жаткандар тууралуу маалыматтар ЖМКда байма-бай жарыялана баштады.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты