​Бажыдагы кылмыштуу схема. Трансулуттук кылмыштуу топ кармалды

  • 4 года мурун

Кыргызстандын бажы кызматынын айрым кызматкерлери аркылуу трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү чет өлкөлөргө ири суммадагы мыйзамсыз операцияларды жасап жүргөндүгү аныкталды.

Бул тууралуу КР ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

-ИИМдин башкы тергөө кызматы бажы кызматынын ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча жалпы суммасы 253 500 АКШ доллар турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо менен Латвиядан Ооганстанга өткөрүүгө аракет кылган факты аныкташкан.

Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча 9-январда мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери 1982-жылы туулган М.Б. кармалган. 30-январда жалпы суммасы 200 200 АКШ доллары турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн бажы кызматынын кызматкерлерине ортомчулар аркылуу 65 миң АКШ долларын накталай берүү учурунда Россия жана Казакстан жарандарынан турган 1978-жылы туулган К.Д., 1972-жылы туулган Н.К., 1986-жылы туулган Ж.Н., 1974-жылы туулган Т.Н. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү жаза аткаруу кызматынын убактылуу абак жайына камакка алынды.

2020-жылдын 5-февраль күнү бажы кызматынын кызматкерлерине тамеки өндүрүшүннө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн ортомчулар аркылуу 75 000 АКШ долларын берүү учурунда кармалып, жаза аткаруу кызматынын абак жайына камалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында улуттар аралык кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат, — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты