​Күн сууктап, кар жаайт

  • 4 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 13-февралда кар жаап, күн суук тартары күтүлүп жатканын кабарлады.

13-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

13-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында бурганак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…-8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7° болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3, күндүз 0…2° болот. Мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түндө туман түшөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты