Журналисттер өз укуктарын коргой албайт

  • 4 года мурун

Журналисттер башкалардын укугун мыкты коргогону менен өз укуктарын коргой алышпайт. Бул нонсенсти “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жасаган мониторинги аныктады.

Коомдук бирикменин өкүлү Марат Токоевдин айтымында, “Сорос” фондусунун колдоосу менен Кыргызстандагы ЖМКлар менен журналисттердин укук бузуу фактылары боюнча билдирүүлөргө мониторинг жасашкан. Анын жыйынтыгында тогуз айдын ичинде 55 билдирүү катталган.

Алардын ичинен эң көп кездешкени — «кадыр баркыма шек келтирди» деп ММКларга карата доо арыз менен кайрылуу боюнча 30 билдирүү катталган.

Сүрөттө: Марат Токоев

“Компенсациянын суммасынын өтө чоң болуп аткан тенденция байкалып жатат, чү дегенде эле миллиондон башташат. Соттордун чечими дагы тынчсыздандырат, доо менен кайрылган адам кайсы сумманы сураса, ошонун жарымын чыгарып коюп жатат. Сот чечимдери доо берип аткан адамдын кызматтагы абалынан дагы жараша болуп атат, аныкын толук канааттандырып, кызматтагы эмес адамга башкача чечим кабыл алышат. Соттор адамдарды тандап чечим чыгарып жатат. Журналист күнөөлүү болсо дагы ал ошол айыппулду көтөрө алабы ошого жараша чечим кабыл алыш керек. Сот чечимдери ММКнын жабылышына же журналисттин бул кесиптен кетип калганына шарт түзбөш керек” дейт Марат Токоев.

Аны менен катар эле коомдук маанидеги маалыматты берүүдөн баш тарткан же чектеген 9 учур катталган, журналисттердин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз тоскоолдук кылган 1 учур, ЖМКлардын таркатылышына негизсиз жолтоо кылуу боюнча 3 учур, журналисттерге коркутуулар жана кол салуулар боюнча 3 учур катталган, журналисттердин денесине залака келтирүү боюнча 1 учур, ЖМКлардын чарбалык укуктарын бузуу боюнча 3 учур, журналисттерге, алардын үйбүлө мүчөлөрүнө, ЖМКлар менен Интернет басылмалардын объектилерине кол салуу боюнча 3 учур, журналисттердин, ЖМКлардын же Интернет басылмалардын мүлктөрүнө кол салуу боюнча 1 учур катталган.

Сүрөттө: Марс Төлөгөнов

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Төлөгөновдун айтымында, бул мониторинг Кыргызстандагы сөз эркиндигинин акыбалын так аныктаганга жардам берет.

Мониторинг жүргүзүү ушул жылдын май айына чейин улантылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты