​Жээнбеков: «Региондорго инвестиция тартуу талаптагыдай болбой жатат»

  • 4 года мурун

«Мамлекет тарабынан жасалып жаткан арбын аракеттерге карабастан, региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатат» деп белгиледи Президент Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында.

«Бизнестин биз күткөндөй активдүүлүгү орун алган жок.

Ишкерлер мунун негизги себеби катары — инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоонун чабалдыгын айтышууда.

Бизнес ассоциациялары жана ишкерлер тарабынан келип түшкөн даттануулардын негизги мазмуну төмөнкүдөй:

Негизинен алар укук коргоо жана мамлекеттик текшерүүчү органдар тарабынан жасалган басымдын азайбаганын айтышат.

Коррупция менен күрөшүүнү шылтоо кылып, укук коргоо органдары кээде аша чаап, бизнестин иштөөсүнө негизсиз тоскоолдуктарды жаратканы да айтылууда.

Кээ бир учурда негизсиз оор чараларды колдонуп, ишкерлерди камакка алып жаткандыгы тууралуу кооптонуулар, кайрылуулар түшүп жатат.

«Көмүскөдө иштеп жаткан бизнести легалдаштыруунун ордуна — фискалдык органдар ак ниет иштеп жаткан ишкерлерди негизсиз текшерип, айып пулдарды салып, аванс төлөмдөрүн талап кылууда» деген да даттануулар бар.

Мындан тышкары, соттук процесстерде ишкерлер жана инвесторлордун укугу толук кандуу корголбой жатканын айтышууда.

Ишкерлер „бул көйгөйлөр ар кандай аянтчаларда айтылганы менен, бизнестин үнү мамлекеттик органдарга жетпей жатат, маселе ошол бойдон калууда“ деп жатышат» деп белгиледи Президент.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты