​Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 12-февралда, мыкты журналистик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык экинчи ирет тапшырылат.

Ар жылкы сыйлыкты «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган.

Азем «Журналисттик иликтөөнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу медиа форум менен коштолот.

Форумда «Журналист-иликтөөчүлөрдүн глобалдык тармагынын» аймактык редактору Ольга Симонович (Украина) тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Быйыл сыйлык экинчи ирет тапшырылат. Өткөн жылдагы баш байге «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго ыйгарылган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө — 12-февралда тапшырылат.

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө чөгүп кетип көз жумган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты