​Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны миңден ашты

  • 4 года мурун

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 1016га жетти. Андан айыккандардын саны дээрлик 4 миң киши болду.

Кытайдын гигиена жана саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин билдирүүсүнө караганда, коронавирусту жугузгандардын саны 42,6 миң кишиге жетти.

Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Кытайда коронавирус чыкканына байланыштуу Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтотту.

Бишкекке Ухандан 18 кыргызстандык жеткирилди. Алардын ден соолугу аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги ооруканага жаткырылды. Ухандан алынып келгендер карантинде болуп турат. Бул убакыт аралыгында алар менен дарыгерлер гана иштешет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: EPA-EFE/YFC China OUT.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты