Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 910го жетти

  • 4 года мурун

10-февралга карата Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 910го жетти.

Өлкөнүн улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына ылайык, акыркы бир сутканын ичинде 97 адам каза болду. Бул Кытайда вирус жайыла баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч.

10-февралга карата дүйнө боюнча вирусту жуктуруп алгандардын саны 40 554кө жетти. Алардын 6,5 миңи оор абалда экени кабарланууда.

Ал ортодо Кытайда коронавирус жуктургандар азая баштаганы тууралуу айтылууда.

Ошол эле маалда Кытай бийлиги ооруга каршы өз алдынча аракеттенгендиги үчүн дүйнөлүк коомчулуктун сынына кабылууда. Илдет тууралуу биринчи айтып чыккан 34 жаштагы дарыгер 7-февралда каза болгон.

9-февраль күнү Жапониянын батыш жээгиндеги круиз лайнердин жүргүнчүсү болгон украин жаранынан вирус табылып, ооруканага жаткырылган. Ошондой эле лайнердеги 70 киши вирус жугузган деп шектелип, өз каюталарына изоляцияланган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты