​Өзбекстан Кытайдан 584 жаранын алып келди

  • 4 года мурун

Өзбекстан 4-февралдан 6-февралга чейин Кытайдын Бээжин жана Ухань шаарларынан 584 жаранын эвакуациялады. Бул тууралуу өлкөнүн санитардыкэпидемиологиялык көзөмөл агенттиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кытайдан алып келинген өзбек жарандарынын бардыгы тең Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча даярдалган атайын жайларга жайгаштырылды. Алар инкубациялык мезгил аяктаганга чейин (14 күн) медиктердин көзөмөлүндө болушат.

Өзбек бийлиги атайын жайларда эвакуацияланган адамдар үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирүүдө. Бирок карантинде жаткан жарандардын туугандары алар «кир жана суук» бөлмөлөргө жайгаштырылганын айтышууда.

«Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү TROLL.UZ баракчасына жарыяланган билдирүүгө караганда, 4-февралда Бээжинден келген жарандар Ташкент облусундагы «Бустон» лагерине жайгаштырылган. Социалдык түйүн колдонуучулары аталган лагерь кишилерди кабыл алууга даяр эмес, шарттары жок экенин билдиришүүдө.

Бул тууралуу Борбор Азия жанылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты