​Акыйкатчыга кайрылгандар биринчи кезекте укук коргоо жана сот ишине арызданышат

  • 4 года мурун

Акыйкатчыга калктын кайрылууларынын көпчүлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгүнө, турак-жай, медициналык, билим берүү жана башка тармактарда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына байланыштуу.

Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов бүгүн, 7-февралда, Президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусу учурунда билдирди.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш кароосуна акыйкатчынын жылдык баядандамасы жарыяланып жатканын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков адам укугун коргоо, жарандык укукту жана эркиндикти басмырлоонун бардык түрлөрүн алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүдө Акыйкатчы институтунун өзгөчө ролун белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты