​Бензинге күйгөн Сатина күйөөсүн кечирип, милицияга тосмо арыз жазды

  • 4 года мурун

Бензинге күйгөн Сатина күйөөсүн кечирип, милицияга тосмо арыз жазды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов айтты.

«Январь айынын этегинде 33 жаштагы Сатина Бабаканова күйөөсү Н.Ч.га нааразылыгы жок экенин билдирип, тосмо арыз жазды. Анын айтымында, күйөөсү менен мындан ары үй-бүлөнү бузбай, чогуу жашоону уланткысы келет.

Бирок аталган факт Каракол шаарлык ИИБдин кылмыш жана жорук бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 39-130 беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун, «Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет кылуу» негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тергөө иштери жыйынтыкталган соң иш сотко өткөрүлүп берилет» Усубакунов.

Окуя 4-январь күнү Каракол шаарындагы борбордук базарлардын биринде болгон. Анда күйөөсү Сатинага бензин куюп, аны кызганычтан улам өрттөп жибергени айтылган. Шектүү Н. Ч. эки айга камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты