​Жээнбеков: «Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот»

  • 4 года мурун

«Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот» деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Мамлекет башчы акыркы жылдары 107 айыл таза суу менен камсыз болгонун белгиледи.

Бул тууралуу Президенттик басма сөз кызматы билдирди.

Эл-аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу 588 айылга тизме түзүлгөнүн кошумчалады.

«2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштерин бүтүрүп, инфраструктураны жаңылоо зарыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде өлкөнүн бардык аймактары таза суу менен камсыз болот»— деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Белгилүү болгондой, калкты таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен жыл сайын каражаттар бөлүнүп, эл аралык өнөктөштөрдөн инвестиция тартуу иштери аткарылууда.

Сүрөттө: Ысык-Ата районундагы жолугушуу учурунда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты