Кытайдын Казакстандагы элчиси Помпеонун билдирүүсүн «спектакль» деп атады

  • 4 года мурун

Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Казакстандагы сапары учурундагы билдирүүсүн кескин сынга алды.

Помпео 2-февралда мурдагы советтик республикаларды Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына жасалган мамиледен улам Кытайга басым көрсөтүүгө чакырган.

«Шинжаңдагы окуялар тууралуу сөз кылсак, биз Кытай өкмөтүнө да, бүгүнкү иш сапарында Казакстандын өкмөтүнө да так айттык. Биз ар бир адамга татыктуу мамиле болушун күтөбүз. Ал жерде болуп жаткандар буга шайкеш келбейт. Казакстандын өкмөтү жакшы иш кылды. Алар Кытай өкмөтү сураган адамдарды өткөрүп берген жок. Биз буга кубанып турабыз. Бирок бул маселеге көңүл бурулушу керек экенин билебиз», — деген Помпео.

4-февралда Кытайдын Казакстандагы элчилигинин сайтында Чжан Сяонун билдирүүсү жарыяланып, анда Помпеонун сөзү Кытай тарап күткөндөй болгону жазылган. Элчи муну «Помпеонун Кытайга каршы атайлап уюштурган дагы бир спектакли» деп атады.

Чжан Сяо Шинжаңда мусулмандардын кордук көрүп жатканын жокко чыгарып, кодулоо тууралуу маалыматтарды «күлкүлүү» деп атады.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз кармалып турганы кабарланып келет. Расмий Бээжин шинжаңдыктардын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мындай лагерлерди «кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары мүнөздөп жүрөт.

Булак: Бборбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты