​Таиландда коронавирустан 8 киши айыкты

  • 4 года мурун

Таиландда коронавирус жугузган 19 кишинин сегизи айыкты.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
Айыккандар Таиландга турист болуп келген кытай жарандары жана бирөө — таиланддык.

Дарыгерлер аларды сасык тумоонун жана ВИЧ дары-дармектери менен дарылашкан.

Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирус жугузган 146 учур катталган.

Кытайды кошпогондо Азияда- 95 учур, Европада-23, Түндүк Америкада-13, Австралияда-12, Россияда-2 учур катталган.

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 490 кишиге, дартка чалдыккандардын саны 24,3 миң кишиге жетти.

Гонконгдо — 18. Макаодо — 10, Тайванда 11 киши дартты жугузду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты