Момбеков: «Жеңиш Разаковду Баткенге байлап койсоңор да маселе чече албайт»

Депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 5-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, өкмөттүн курамындагы өзгөрүүлөр, жаңы дайындоолор, полномочиени бөлүштүрүү маселеси талкууланып жатканда вице-премьер Жеңиш Разаковду өкмөттөгү «эң алсыз звено» катары сыпаттады:

-Эки жыл мурун, сиз өкмөт башына келип, жаңы командаңызды алып келгенде тамаша-чын иретинде «балдардын өкмөтү кетип, чапанын сүйрөп чалдардын өкмөтү келди, эми чарчап калбасаңар болду» деп айттым эле.

Эки жылга жетпеген мөөнөттүн ичинде алмаштырбаган эки министриңиз, анан үч вице-премьериңиз калыптыр. Калганынын баары «үзөңгүдөн бут тайды, ээрден кетип кыйшайды» болуп, ээрден шыпырылып түштү. Бул — «орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт» дегенге эле келип калды.

Мен бир нерсени айтып коёюн, Жеңиш Парпиевич жөнүндө.

Сиз аны куратор кылып, эки жакка койдуңуз, ЕАЭБге жана чек арага. Куратор эмес эле, кууратар да, туурабы?

Бул киши эки жакты тең кууратпадыбы. Баткенден эки метр чек араны чечкен жок, Эң негизги эки маселени чечкен жок: ЕАЭБдеги унаага, бажыга болгон жеңилдетилген тарифти чече албай койду, анан Россияда биздин мекендештерге коюлган акчага чекти чече албай койду.

Анан эки нерсени, эки метрди чече албаган кишини «Баткенге койдук» деп атасыңар, аны Баткенге байлап койсоңор да маселе чече албайт. Компетенттүү адам эмес экен да, мен митингге чыккандарды сотко берем деп жүрөт, — деди депутат Момбеков.

Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында премьер-министр Абылгазиев Жеңиш Разаковго вице-премьер катары чек ара маселесине гана куратор боло турган милдетти калтыруу маселесин сунуштады.

Сүрөттө: Жеңиш Разаков. Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты