​Абылгазиев: «Логистикалык борборго каршы 20-30 гана киши элди дүрбөтүүдө»

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-февралда, парламенттин жалпы жыйынында Ат-Башыда логистикалык борборго социалдык тармактарда 20-30 гана киши элди дүрбөтүп жатканын билдирди:

— Менин оюмча, социалдык тармактардагы 20-30 киши элди дүрбөтүп, коомдо пикир пайда кылайын деген ойдо. Бирок, бизге жеткен маалымат боюнча, элдин баары күтүп жатат. Ким куруучу, ким электрик же кароолчу болорун айтып, Ат-Башы акимчилигинде жазылып жатышат, -деди Абылгазиев.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат.

Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.

Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.

2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты