“Манас” эл аралык аэропорту: Кимдин менчигине өтөт?

  • 4 года мурун

Өкмөт “Манас” эл аралык аэропортун башкаруунун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору тууралуу түшүндүрмө берди.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

— Аэропорт тармагына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу жеке башкаруучу компанияларды тартуу (Түркия, Грузия, Россия («Пулково», Санкт-Петербург), Иордания, Бразилия, Хорватия, Греция жана Армениянын аэропорттору) бүткүл дүйнөдө жайылтылган тажрыйба болуп саналат.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, биринчи вице-премьер-министрдин төрагалыгы алдында жумушчу топ түзүлгөн. Ага көз карандысыз эксперттик коомчулук, Жогорку Кеңеш депутаттары, бизнес-ассоциациялар, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тартылган.

Бул долбоордо өнүктүрүү боюнча эл аралык бир нече өнөктөштөрдүн сунуштары каралган.

Жумушчу топ тарабынан долбоорду Бүткүл дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү болуп саналган эл аралык финансы корпорациясы менен өнөктөштүктө иштеп чыгуу жана бул уюмду «Манас» эл аралык аэропорту» ААКны модернизациялоо жана өнүктүрүү» долбоорун даярдоодо кеңешчи катары дайындоо сунушталган.

Белгилей кетсек, эл аралык финансы корпорациясы менен кызматташууга «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын бардык 11 аэропортун комплекстүү талдоо/изилдөө жана техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу кирет.

Өкмөт сунушталган документтерди жактырган шартта инвесторду ачык-айкын жана атаандаштыкта тандоо (сынак өткөрүү) жана Кыргыз Республикасы үчүн бир кыйла пайдалуу шарттарды камсыздоо аркылуу уюштурула турган долбоорду ишке ашыруу чечими өзүнчө кабыл алынат.

Бул долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми менен жүзөгө ашыруу болжонууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын аэропорттук инфраструктурасы жана акциялары инвесторго же үчүнчү жактарга берилбейт. Долбоор ишке ашырылса, бардык жаңы инфраструктура жана жабдуулар мамлекеттин карамагына өткөрүп берилет.

Эл аралык финансы корпорациясы Бүткүл дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, анын ичинде аэропорт тармагындагы долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча өкмөттөргө кеңеш берүү тажрыйбасы зор.

Кадыр-барктуу жана көп тараптуу уюм болуп саналат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатында иш тажрыйбасы жогору, квалификациялуу командасы жана глобалдык инвестициялык коомчулук менен байланышы бар.

Акыркы жыйырма жыл ичинде эл аралык финансы корпорациясы дүйнөнүн 102 өлкөсүндө 360га жакын келишимди даярдап, аткарууга катышкан, — деп билдирди өкмөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты