​Фарид Ниязов менен Равшан Жээнбеков 9-апрелге чейин камакта калды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду камакка алуу мөөнөтүн узартты.

Сот 4-февралда Ниязов менен Жээнбековдун Бишкектеги СИЗО-1 абак жайында кармоо мөөнөтүн 9-апрелге чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

ИИМ башкы тергөө башкармалыгы Фарид Ниязовду 7-августта Кой-Ташта атайын отряд жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча айыпка шектүү деп тапкан.

Равшан Жээнбеков 12-декабрда камакка алынган.

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери каза таап, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жараат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты