Президент Эмилбек Каптагаевди кабыл алды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жэээнбеков кечээ, 3-февралда, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаевди кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда стратегиялык сунуштарды иштеп чыгуу боюнча чаралар талкууланды.

Мындан тышкары, өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишмердигин илимий-изилдөө жана аналитикалык колдоо жагы белгиленди.

Эмилбек Каптагаев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп 2019-жылдын 25-ноябрында дайындалган.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты