​Киев атып түшүрүлгөн «Боинг» үчүн Иран сунуштаган компенсацияга макул болгон жок

  • 4 года мурун

Тегеран «Украина эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык атып түшүрүлгөн «Боинг» учагында курман болгондордун үйбүлөлөрүнө 80 миң доллардан компенсация төлөп берүүнү сунуштады.

Бирок Киев бул сумманын аз экенин билдирип, сунуштан баш тартты. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский ТСН телеканалына интервью берип жатып билдирди.

«Маркумдун аялы күйөөсү үй-бүлөнү жалгыз бакканын, өзүнүн иши жок экенин, баласы институтка тапшырарын айтып жатса – 80 миң доллар өтө аз», — деди Зеленский.

Ал Украина Ирандан көп компенсация талап кыларын кошумчалап, бирок сумманын так өлчөмүн айткан жок. Буга чейин украин бийлиги набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө 200 миң гривенден (8 миң доллар) кенемте төлөп берген.

Эми авиакомпания да компенсация төлөп бериши керек. Бирок АКШ киргизген санкцияларга байланыштуу кепилдендирүүчү компаниялардын Иран менен иштешүүсү кыйынга турууда.

«Боинг 737-800» үлгүсүндөгү учак 8-январда таңга маал Ирандын борбору Тегерандан Киевди көздөй учуп чыгары менен эле кырсыкка кабылган.

Учактагы 167 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсү, жалпысынан 176 адам мерт болгон.

Башында иран бийлиги авиакырсыкка учактын техникалык мүчүлүштүктөрү себеп болгонун билдирген. Кийинчерээк “Украина эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык лайнер “душмандын объектиси” катары жаңылыш атылганын мойнуна алган.

Жоопкерчилик Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусуна жүктөлгөн.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты