​КЛДП: парламенттик, андан кийин президенттик шайлоого талапкер көрсөтөт

Кечээ, 2-февралда, “Асанбай” маданий борборунда Кыргыз либерал демократиялык партиясынын (КЛДП) биринчи расмий “Жаңылануу мезгили” деген чакырык алдында жыйыны болуп өттү.

Жыйынга экс-спикер Медеткан Шеримкулов, ЖК депутаттары Наталья Никитинко, Аалы Карашев, Мирлан Жээнчороев, Алтынбек Жунус уулу, активисттер жана коомчулук катышты.

КЛДПнын үч теңтөрагасы ЖК депутаты Жанар Акаев, Сейтек Качкынбаев жана экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров сөз сүйлөдү.

Сейтек Качкынбаев, КЛДПнын теңтөрагасы:

“Биз чакан өкмөт түзүү максатын көздөйбүз”

Сейтек Качкынбаев КЛДП партиясы тууралуу түшүндүрмө бере кетти:

— Кыргыз либерал демократиялык партиясын жаңы форматта уюштуруп, Эльдар Абакиров, Жанар Акаев менен бириккенде бизге көптөгөн сындар айтылды. Кыргыз либерал деген эмне, партиянын артында ким турат, ким каржылайт, кандай пландары жана көрөңгөсү бар деген суроолор сиздерди да кызыктырып турат болуш керек деп ойлойм.

Кыргыз либерал демократиялык партиясы 2011-жылы түзүлгөн. Мен ал учурда Жапонда иштеп жүргөм, буга чейин 12 жыл ошол жакта жашадым. Ошол учурда жаңы саясий күч түзөлү деген демилгенин башындагы Жапан, Америка, Сингапур, Россияда, Түркияда окуган мекендештер менен түптөгөнбүз.

Эмне үчүн Жанар Акаев ушул партия менен шайлоого барат деп турсаңыздар, ал 2011-жылы КЛДП түзүлгөндө эле партиянын мүчөсү болчу. Ошол учурда эле биздин идеяны, программаны, биздин көрөңгөнү эл менен тең бөлүшүп келди.

КЛДПны азыркы Жапандагы ЖЛДПга салыштырса болот. Ал бийликте 65 жылдан бери өмүр сүрүп келе жатат. Жыйынтыгын байкасаңыздар, Жапан мамлекети азыр кандай мамлекет? Өнүккөн ,эркин мамлекет. Либерал деген сөз эркин дегенди билдирет. Эркин сөз, эркин тандоо, эркин жерде жашоо деп түшүнсөк болот. Биздин өлкөдө социал-демократиялык партия болсо, бүгүнкү күндө либерал демократиялык партия күч алды.

Андай партиянын өзгөчөлүгү бул салык төлөөчүлөрдү көбөйтүп, бюджетти толтуруп, элдин көйгөйүн чечсек деп ойлойбуз. Санариптештирүүнү биз каалайт элек. Анткени ал — коррупцияны жоюучу эң чоң механиздердин бири. Биздин курс эркин экономика, салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, мамлекеттик чоң структураны кичирейтип, келечекке иш билги адамдардан турган чакан өкмөттү түзүү максатын көздөйт.

Элдар Абакиров, КЛДП теңтөрагасы: “Биздин алдыбызда узак марафон турат”

Мурдагы экономика министринин орун басары, партиянын теңтөрагасынын бири Эльдар Абакиров өзү жана партия тууралуу буларга токтолду:

1998-жылы мектепти бүткөндөн кийин Казакстанда окуп калдым. Үйрөнчүктөн баштап, чоң компаниялардын жетекчилигине чейин жеттим.

2010-жылы революциядан кийин гана өз мекениме бир нерсе кылышым керек экенин түшүндүм. Бул жакта да Европаны, Американы түзсөк болот. Бирок бул үчүн узак марафон турат. Бүгүнкү күндө КЛДП бул ишти колго алды. Жаштар жана сиздер биз менен чогуу шайлоого барасыңар деп ишенем. Бизди айылдык кеңеш, жогорку кеңештеги сынак күтүп турат. Кыргызстандын бюджети 2010-жылы 50 млрд сом болгон, 2020-жылы150 млрд сомду түзөт. Үч эсе көбөйгөнүн байкасак болот. Бирок бир катар тармактардын айлык акысы көбөйгөн жок. Андыктан бул жакта күмөн саноочу нерсе бар.

КЛДПнын артында кандай каражат турат дегенде, биздин артыбызда эл турат деп айтаар элем. Жакында эле Элсом ачтык, ошол аркылуу бизди колдоп акча салсаңыздар болот.

Жанар Акаев, КЛДП теңтөрагасы: “Биз жергиликтүү, парламенттик, анан президенттик шайлоого чыгабыз”

Жогорку Кеңештин депутаты Акаев партиянын минимум жана максимум пландарын ортого салды.

— Биз бүгүн эл алдына алып чыгып аткан КЛДП мага чоочун эмес. 25 жашымда биринчи жолу партиянын мүчөсү болгом. Буга чейин Манас Саматов, Сейтек Качкынбаев менен пикирлеш болуп келдик.

Биздин партиянын артында эч кандай саясий күчтөр да, акчасына таянган эч бир күч жок. Маңдай тери, билими менен жашаган, ак ниет адамдар менен саясий күрөшккө аттандык.

Биздин максат жаңы саясий маданиятты калыптандырып, өлкөдөгү эң маанилүү чечимдерге катышуу. Бизди чоң олигархтардан сактачу күч бул шайлоочу.

Биздин партиянын максаты-шайлоо системасын түп тамыры менен өзгөртүү. Азыр саясий партиянын лидери депутаттын канчанчы орунда болушун чечет. Өзүнүн көңүлүнө жаккан, тынбай алдына чай куюп тургандарды алдыга коёт. Биздин сунушубуз адамдар шайлоо учурунда партияны шайлайт да, өзүнө жаккан депутаттарды гана белгилеп чыгат.

Ошондо гана биз элге жакпаган, парламентте шылдың болуп аткан депутаттарды артка калтырабыз. Элдин таламын талашкан чыныгы лидерлер автоматтык түрдө алдыга чыгат. Мына ошондо гана мыкты парламент түзүлөт.

Мыкты парламенттен кийин сапаттуу өкмөттү курабыз. Сапаттуу өкмөт гана сапаттуу реформаларды жүргүзөт. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн деңгээли такыр башка жакка кетти, биз күнүмдүк майда нерселерди дагы эле чече албай келебиз.

Биз билимдүү жаштар менен жергиликтүү шайлоого чыгабыз, андан утуп, парламенттикке барабыз. 2023-жылы президенттик шайлоого талапкер коёбуз.

Акырында Ч.Айтматовдун сөзүн айткым келди: “Кыргызстанды жетектеп турган жетекчилерди жек көрөбүз, туура. Бирок биз Кыргызстаныбызды жек көрүүгө акыбыз жок деген экен”. Кыргызстаныбызды жек көрүүгө акыбыз жок!

Айгүл Молдоканова, «ПолитКлиника»

Сүрөттөрдү автор тарткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты